үпүп
- Темгил-темгил чаар жүндүү, ичин көздөй иймейген ийри тумшугу, башында таажысы бар канаттуу.
- диал. Кээ бир өсүмдүктөрдүн башындагы үлпүлдөк жумшагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Илгери-илгери бир кашкулак менен бир үпүп экөө кыйышпас дос болушуп, бири-бирине касташпоого убада кылышып, ант беришип, дайым бир жүрүшөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Үпүптүн алдынан чыккан айбанаттар ийилип салам берип урматташып, мындай сый-урматка манчыркап көбө баштап, кыял-мүнөзү өзгөрүп толкундап турган учурда баягы кашкулак досу эсине түшөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Үпүп дос, экөөбүз кыйышпас жан элек.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Үпүп кайра түстөгү жашап жаткан элге учуп келип, айылдан ит карайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Үпүп малдын жайытын көздөй учуп жөнөйт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →