үпчүлүк

китептерде 12 жолу, 4 китепте
  1. Топчунун ордуна тигилген байлагыч.
  2. Кооздук үчүн пайдаланылуучу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лугун тондорун, / Ордуна койбой чыгарып, / Бүчүлүгүн соотторун, / Бүтүн баарын чыгарып, / Ачык түшө эндекей, / Эчтемеден камы жок, / Элөөрүп келет Чакмакташ, / Үпчүлүгүн чечкени, / Мендер басып Чакмакташ, / Өлүм жакын жеткени, / Топчулугун чечкени, / Кууган жоосу Калдыктан, / Ажалынын жеткени, / Мелтирете шыкаалап, / Мелжеп жат… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…мкарып, / Буттап темир курчанып, / Каскаксыз найза колго алып, / Каарданып, сурданып, / Тарамышын чыйратып, / Кара бойун чыңдатып, / Кабаттап белин курчанып, / Үпчүлүгүн үпчүлөп, / Топчулугун топчулап, / Жардай сары ат минип, / Канча темир тон кийип, / Калканын тартып калдайтып, / Канча түрдүү жоо курал, / Бутагындай чынардын, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
ушул чак, - / Сыргакты салып жолуна, / Куу түлкүнүн кеп тонун, - / Коңурбайча чен тонун, / Алмамбет салды жонуна, / Бүчүлүгүн бүчүлөп, / Эки каптал-кабырга, / Үпчүлүгүн үпчүлөп, / Топчулугун топчулап, / Эп келтире койгону, / Нак Коңурбай болгону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Үпчүлүгү бир тогуз, / Үксөңдөгөн чоң доңуз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Үпчүлүгү үч тогуз, / Үпчүлөндү, эр чоро. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →