үлүш

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Байлардын өз тегерегиндеги элге же бир уруунун экинчи бир урууга, жергиликтүүлөрдүн башка жерлик адамдарга сыйлап берген тамак-ашы.
  2. Бир нерседен бөлүнгөн тийиштүү энчи, бөлүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Үлүш берип кунан чаап, / Ойноп балдар дуулдап, / Акачөлүм түнкүсүн, / Кыз- келиндер чуулдап, / Короосун кошо кайтарып, / Бекбекей айтып безилдеп, / Аңчылар бөөрү кармашып, / Аркар- кулжа бугу атып, / Текесин таштан кулатып, / Түлкүдөн кийип тебетей, / Мырзалары кырдашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жаз жарыды, бээ байлап, / Ошондон бери мен Балта, / Унчукпай жүргөн жайым бар, / Үлүш бербей койду деп, / Үмүт кылды айылдар, / Сойууга жарап калгандыр, / Семирип эми малыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
келишип, / Селкинчегин тебишип, / Азоону минип түйүлтүп, / Арты-артынан келишип, / Уландар теңге эңишип, / Уул үйлөп, кыз беришип, / Чочок кесип, той берип, / Үлүш болуп дуулдап, / Байге бөлүп кунан чаап, / Мага соогат бергин деп, / Бабырашып чуулдап, / Өлүм болуп аш берип, / Алакан жайып эл келип, / Бештен бөлүп конокту,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →