үлүрөй
- Кабагы ачылбаган кебетеде көзүн жүлжүйтө суз кароо.
- Кейпи-кебетеси бузулуп, жүдөмүш тартуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бала кезден бер жакка, / Алып көнгөн Зоңтары, / Өчөшүп капыр кайышып, / Үлүрөйүп тайышып, / Зоңтарыга Турумбек, / Туруштук берип тайышып, / Үч күнгө кетти сайышып, / Боло албай калды Турумбек, / Кайраты качып майышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →