үлпүлдө

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Үлп-үлп этүү, үлп-үлп этип, назик көрүнүү.
  2. Бүлбүлдөп араң эле күйүү, начар жарык берүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Тепсенди болуп өлбөйлү, / Такыр ушул турган жан!- / Деп ошентип турганча, / Ачып көздү жумганча, / Туучунак минип алкылдап, / Ак сакалы жаркылдап, / Өңү кызыл үлпүлдөп, / Үнү бийик баркылдап, / Анын арты жагында, / Бозжорго менен чайпалып, / Ак байбиче чалкайып, / Ак элечек чаңкайып, / Он беш катын котчусу, / Келип калды такы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Арасында пахтанын майдасындай үлпүлдөгөн бирдемелер илээшип жүрөт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кыздар коркуп, ылдыйлап басып келе жатса, үлпүлдөп күйгөн жарык көрүнөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →