үлгүр

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Кечикпей, өз убагында, учурунда аткарууга, келүүгө, иштөөгө ж. б. жетишип калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Атка кеткен адамдар, / Жетип келди аңгыча, / Болжогон түшкө үлгүрүп, / Үч ат келди белгиге, / Каңгайлыктын бир аты, / Кыргыздардын эки аты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аш түгөтчүү Кененим, / Алты жылы баспаган, / Үч жылы болду басканы, / Тогуз жашка толгону, / Тойор заман болбоду, / Ашпоздору ашташып, / Үлгүртө албай койгону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…кендеги,Таабалды, / Хотендеги Нуракун, / Кашкардагы Алакун, / Лоп бойунда Карача, / Кабар берсек буларга, / Үлгүрсө калсын көрүшүп, / Баатырдын көзү барында, / Үлгүрбөсө намазга / Араң келет ушунда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Бар болгону — бир аяк жарма ичип, Элебестин чакчасын сурап, насыбай тартууга гана үлгүрдү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Барып кайтканымча кокус үлгүрбөй каламбы деп кыпылдап жүрөм. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →