үкү
- Күндүз жакшы көрбөгөн, ууга көбүнчө күүгүмдө же түнкүсүн чыгуучу жырткыч канаттуу.
- Ушул канаттуунун кооздук үчүн колдонулуп, көбүнчө кыздардын баш кийимине же чабыла турган күлүк жылкынын көкүлүнө тагылуучу канаты же жүнү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ычуусун кандырып, / Жаштардын жеши бир мезгил, / Куйрукка буудай чөгөрүп, / Семизинен баса албай, / Кишинин баары көгөрүп, / Боз улан кемер курчанып, / Кыздары үкү сайынып, / Тогуз-ондо кыз балдар, / Кыркалап шуру тагынып, / Буластай басып келиндер, / Чач теңге, чачпак салынып, / Жең кабы менен өңүрүн, / Саймалашып тагыны…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бүркүт менен үкүнүн, / Таз кара менен жорунун, / Такыр этин жебесе, / Кашкулак, койдун терисин, / Дегеле киши билбесе, / Жапа кундуз, ит тери, / Жанына киши барбаса, / Кыркып койд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айуу, жору, кажырдын, / Бүркүт, үкү барынын, / Камдап жүрчү Каныкей, / Керек болчу баарысын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кызды кармап кетем, деп, / Үкүдөй көзүн кызартты, / Мына шунтип Сейити, / Азды көпкө айлантты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тоодой болгон Кыйазың, / Көк букадай өкүрүп, / Таба албай аны өкүнүп, / Үкүдөй көзү акыйып, / Жез кемпирдин жети уулун, / алыке менен Сатыке, / Кутубай – онун чакырып, / Калган элди тара!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →