үксөңдө
- Чачы-башын, жүндөрүн үксөйткөн кыймыл-аракетте болуу, саксаңдоо, үрпөңдөө.
- өт. Үрпөндөп ачуулануу, каардануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каракөз жок дегенде, / Үксөңдөгөн чоң Калдык, / Манжулардын Бодоңго: / — Кулагың угуп жатасың, / Каракөз качып жоголду, / Кетсе-кетсин деп койсок, / Анда жакшы болобу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ар жактан келген адамдар, / Үчтөн алты киши экен, / Үйрүп кармап камчысын, / Үксөңдөп калды чакыйып, / Аңтара тиктеп көздөрүн, / Асманды тиктеп акыйып, / Орунбайды келгин, деп, / Эр Бекбача бакырып, / Жертебээр менен Кенкени, / Орунбайга тапшырып, / Үксөңдөгөн алтоонун, / Камчы менен үчөөнү, / Кара жерге жапшырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кел бери деп Сатайды, / Үксөңдөп туруп ошондон, / Хандыкты алып койсомбу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Үйдөй болгон жыгачтын, / Үксөңдөгөн шагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Үпчүлүгү бир тогуз, / Үксөңдөгөн чоң доңуз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →