үксүй
- Үксөйүү, үрпөйүү, саксаюу.
- өт. Үксөйүп, үрпөйгөн кебетеде каардануу, ачуулануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Белин түйүп дүктүйүп, / Сары түк бетте үксүйүп, / Опурулуп күпүлдөп, / Көрсөтөм деп дүпүлдөп, / Качырып жетти чапканы, / Чаптырбастан Жагалмай, / Буга айла тапканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Күн баткан бүрүл жүздөнүп, / Төбө чачы үксүйүп, / Жерге тийип эки бут, / Тизесинен бүктөлүп, / Караанын көргөн адамдын, / Кара жанга күч келип, / Айкырып кирди Көкчөгө, / Аты менен тап берип, / Кадимкидей а…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күүлөп найза сундуруп, / Күүлүү найза сунганда, / Күркүрөгөн үн чыгып, / Төбө чачы тиктенип, / Жаактын жүнү үксүйүп, / Көрсөтөм деп эрдигин, / Кара жанга күч келип, / Куткарбастан акырып, / Алдында минген бууданы, / Топону көккө сапырып, / Кактырып мурун найзасын, / Намысына…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Көрүп туруп ошону, / Саламат өтө арданды, / Кайра жаачу булуттай, / Бузулуп өңү каарданды, / Жакшынакай баланын, / Бетинен жүнү түктүйүп, / Кыркса байпак болгундай, / Көрүнүп көзгө үксүйүп, / Кыйкырып тосту алдынан, / Кара жанга күч келип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Үмүтөй менен Керимбай, / Сары оорудай үңкүйүп, / Олтурат алар үксүйүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →