үйөр
- Жазга маал суу үстүнөн калкып аккан муздар, муз агымы.
- Жазында кар эрип, мөңгү бузулуп көбөйгөн суу агымы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…й кыжырап, / Кумурскадай быжырап, / Сепсергелеп асмандан, / Жааган күндөй жыбырап, / Таласты кайда дегенсип, / Эми эле барып Таласты, / Талап алыш дем менен, / Үйөр аккан сел менен, / Үй токтоткус жел менен, / Үркөрдөй жылып жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ге келет карарып, / Катышпайбыз сага, деп, / Анан кетип калалы, / Коркуттум деп баарысын, / Бачагар жатып калганда, / Алдындакы кеңешти, / Унутушпай жыйылып, / Үйөр селдей жылышып, / Анан жетип баралы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…кылып жамынган, / Басма мурун кызалак, / Туулган андан бала Үрбү, / Көкөтөйдүн ордуна, / Казактарга хан Үрбү, / Үрбүгө кабар салабыз, / Үрбүнүн колун алабыз, / Үйөр аккан суу болуп, / Анан Бейжин барабыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Казап шамал сокпогон, / Үйөр аккан сел болсо, / Камаарап эли койбогон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Үйөр аккан сел келсе, / Үй токтоткус жел келсе, / Азуусун айга бүлөгөн, / Алачыктай эр келсе, / Кетеби деп көзгө илбейт, / Мен жетимди тебелеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →