үйлө1

китептерде 18 жолу, 7 китепте үйлө 2 →
  1. Ооздон аба агымын сыртка катуу күч менен чыгаруу.
  2. Ичине толтуруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Балбандык белги башында, / Кулагында эшектин, / Кайчыланып делдейип, / Койбоочудай дүйнөнү, / Үйлөгөн мештей дердейип, / Бойунан чоң курсагы, / Бооз катындай чердейип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Отор таамай үч жылы, / Онтоодон башын көтөрбөй, / Эли келип чогулуп, / Эптеп иле кылышып, / Колу менен бутунун, / Сыныктарын таңышып, / Кулагына жаргактан, / Үйлөп туруп калдайтып, / Кулак кылып тагышып, / Тердебеген жай күнү, / Тура берет жабышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
кыз-келин, / Акыйнегин айтышып, / Теңселе басып келишип, / Селкинчегин тебишип, / Азоону минип түйүлтүп, / Арты-артынан келишип, / Уландар теңге эңишип, / Уул үйлөп, кыз беришип, / Чочок кесип, той берип, / Үлүш болуп дуулдап, / Байге бөлүп кунан чаап, / Мага соогат бергин деп, / Бабырашып чуулдап, / Өлүм болуп аш берип, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Олжого кетип Айчүрөк, / Кайра барса Таласка, / Келин алып, уул үйлөп, / Аныбыз жаман кеп эмес, / Эртең менен эр Гүлүс, / Элиртип минип Суратты, / Койчапдарга мингизип, / Ээрчитип келип чунакты, / Кайыпчыга бет алып, / Канча төөнү чубатты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Мырзалардын эң жогору жагында, жүккө таяй, чалкасынан керилип, попоростун түтүнүн түндүктү карай буралтып, үйлөп, ырахаттанып отурган чарчы бойлуу сары жигит, Урманбетке кыйгачынан бир карап алды да: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →