үйлүү

китептерде 31 жолу, 8 китепте
  1. Үйү бар.
  2. Үйлөнгөн, үй-бүлөлүү, үй-бүлөсү бар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жүз үйлүүчө кыргызды, / Талап алып кетиптир, / Эгин эгип, жер айдап, / Элге жаккан жанайга, / Ушул кабар жетиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Мал-мүлкүн бүтүн алыптыр, / Өздөрүн таштап талаага, / Мүшкүл күндү салыптыр, / Үчкаркыра, Сарарка, / Эки Кемин буларга, / Жөөлөп чубап барыптыр, / Иледеги миң үйлүү, / Ушинтип тентип калыптыр,- / Ушул кабар укканда, / Кыжыр толду Манаска, / Кепти угуп күүлөнүп, / Бузулуп өңү түрлөнүп, / Манас турду күркүрөп, / Жан алчудай … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Панаалап жүргөн кыргызда, / Кырк үйлүү Калча бар элең, / Эми кантээр экенбиз, / Кыйыктаса Жалгызек? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Семетей калды кырк үйлүү, / Салынган коргон алкымда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Үчөөбүз жыйып келген нанды бир үйлүү киши чай менен ичип, өзөк жалгап алдык. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →