үй-бүлө
- Бирге жашаган туугандардын тобу (аялы, күйөөсү, ата-эне балдары менен).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ашка тигер үй саны, / Токсон миң болот санаты, / Үй-бүлөң менен бир туруп, / Конок күтөм дебегиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Үй-бүлөсү санаадар, / Ооруп жаткан жаштарды, / Ушул Сатай соо кылбайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Үй-бүлөңдү ким билет, / Тукумсуз өтсөң жоголдуң, / Үч атаң өлсө кыргыздан, / Киринди болуп не болдуң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…да, / Тирүү койор пейли жок, / Калдуубет өлбөй турганда, / Уруксат кыл Сомбилек, / Кийинки күндү ким билет, / Өз ойумда так бүгүн, / Табылгыс мага келди кез, / Үй-бүлөм менен кеңешип, / Барар жерим белгилеп, / Жоголойун мындан тез.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Элдин көбү жан айласынан ушул биз өңдөнүп, биротоло үй-бүлөсү менен малай болуп, орустарга кире качып кеткен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →