үй1
- Адамдар тура турган турак жай.
- Имарат.
- Ар түрдүү коомдук керектөөлөрдү тейлөөчү жай, мекеме.
- диал. Килемдин ортосундагы туташ көчөттүн комплекси жана ал ээлеген аралык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атпай журт, сага айтаарым, / Кулак салып тыңшасаң, / Эртең күнгө шаршемби, / Аттанып үйдөн чыкпасам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Казатка барып окто өлбөй, / Же кан жөткүрүп үйдө өлбөй, / Душман эмес өзү өлсө, / Карапайым киши эмес, / Катардагы хан өлсө, / Ишибиз биздин оңбостур, / Кабыбыз кийин толбостур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ыйлап жүрүп Торсолдой, / Чечекейи акканы, / Бала да болсо Каргалдай, / Абам менен энемди, / Алы эле келсе бакканы, / Гүлүстөн мында келгенде, / Үйүндө үч күн жатканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ушунда жүрүп кай бир күн Алымжан үйүндө боло калган кездерде Ак-Сууда калган инилерим жайынан кеп уруп, «Ушуларды алууга бир маркабатыңыз тиер бекен» — дегендей кылып сөздүн четин чыгарып коёр элем.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Анда баягы кемпир: "Сен үйдүн үстүндөгү чамгаракка чыгып, эки жакты карап жат", – деп кыздардын улуусун ал жакка жиберет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →