үзөңгү
- Бут менен тээп, мингич унаага минүү, теминип бастыруу үчүн ылайыктап ээрдин эки капталына тагылган бөлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Үзөнгүдөн бут тайып, / Ооп барып оңолду, / Ороңдогон чочкого, / Абдан шайтан толгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…деп, / Анык кайып болгондор, / Жардамы болсо берер, — деп, / Айабаса ат -тонун, / Абам Гүлүс келер, — деп, / Арканды алган Кесилет, / Чырмап байлап бекемдеп, / Үзөңгү боого салганда, / Чиренип тартып калганда, / Аты менен Кененим, / Сүйрөтүп алып кете албай, / Дүбүрөшүп жатканда, / Жер силкинип козголуп, / Топурак учуп тоз б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ат үстүндө жулушуп, / Соотторун булушуп, / Этектен түрө кармашып, / Үзөнгү боого салышып, / Ажыратып кете албай, / Айсарала, буурул ат- / Аттары турат тайышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Үзөңгү бутта, бак башта, / Жан уйада турганда, / Угуп турсун Сейитек, / Күбө болсун зор Бакай, / Билгини сага бергеним.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кулагынан алды эле, / Үзөңгү боого бек басып, / Нескара менен Бакайдын, / Ортосуна алып барып: / “Мынаке, баатыр башы” — деп, / Олжону ата алгын, — деп, / Таштап кетип калды эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →