эңсе
- Самоо, каалоо, тилөө, көксөө; сагынуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Санаасына торгойдун, / Сан миңдеген иш келет, / Көрсөм экен жүзүн, деп, / Энесинен бешбетер, / Торгой дагы эңсенет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…, / Аркасында чаң калып, / Көк түбүк найза карманып, / Өңү сары, көзү көк, / Бузулуп жаман сурданып, / Сакалы сары сеңселип, / Кармашарга жоо десе, / Каарданып эңсенип, / Качырып чыкты Кененим, / Манастап ураан чакырып, / Калтаарытып бар элди, / Жапырып чыкты Кененим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Соорандыктын Алмамбет, / Манаска барып келсем, деп, / Олтурса, копсо эңсенет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Керек болуп бирине, / Керексиз эмес бирөөнө, / Эркек-айал эңсешет, / Шерик оокат экөөнө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Качантан бери күтүнүп, / Кан ичүүгө эңседиңн,?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →