эңкейиште

китептерде 9 жолу, 5 китепте
  1. Төмөн, ылдый түшүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…атышат, / Өпкөгө атын тепкилеп, / Камчылап атын токмоктоп, / Ач белес кайкы кезеңде, / Асыл чыгып калат деп, / Мойнун созуп омсоңдоп, / Жик-жик болуп көчүгү, / Эңкейиште томпоңдоп, / Коктуга келсе кажырдай, / Алдын карап жогжоңдоп, / Жан айабай мол жүрүп, / Ат айабай жол жүрүп, / Уйку уктабай түн катып, / Сүрүп чыкты таң атып, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эңкейиште эр сайып, / Элүүнү беттей бир сайып, / Жүздөн сайып жүдөтүп, / Миңден сайып бөлүнтүп, / Күнү-түнү сайганда, / Койучудай түгөтүп, / Көрүп туруп Дөрөтү, / Кирди ошондо күчөнүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эңкейиште эр сайып, / Экини беттеп тең сайып, / Эрен Чубак баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эңкейиште эр сайып, / Элүүнү беттеп бир сайып, / Мелжеп сайып он бештен, / Аңтара сайып отуздан, / Жүздү сайып жүдөтүп, / Миңди сайып бөлүнтүп, / Саны миңге толгондо, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Эңкейиште эр сайдым, / Экөөнү катар бир сайдым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →