эңкейиш

китептерде 8 жолу, 3 китепте
  1. Ылдый, төмөн, эңиш.
  2. Эңиш болуп кеткен, төмөндөп, бөксөрүп кеткен жер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эшената Чокталды, / Экөрүктү Күрмөнтү, / Эңкейиши Торайгыр, / Өөдө тартмай Бийкыштоо, / Эрикбей жүрүп олтуруп, / Күнү-түнү жол жүрүп, / Кең Кеминди өрдөдү, / Келишкен мындай сонун жер, / Ажыбай мурда көрбөдү, / Өтө кеңир жер экен, / Ысыккөлдүн өрөөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Милтеси бачым чоктолду, / Артып таштап салаңдап, / Атайын деп козголду, / Аңгычакты аккулжа, / Эңкейиш тартып жылт койду! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эңкейишке келгенде, / Эликтей колу сайылып, / Үстүндөгү Жетилбай, / Оңдоп-солдоп камчы уруп, / Этек жеңи жайылып, / Учкан куштай закымдап, / Куйушкандын кошуусу, / Соорусунда шакылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жүр абаке бастыр деп, / Эңкейиш тартып келиши, / Тез бастырып желишип, / Минген атын тердетип, / Туура жолго киргени, / Абыке, Көбөш айлына, / Жакын жетип келгени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жабдыктуу найза ала элек, / Качырып жоого тийе элек, / Жарактын жайын биле элек, / Сенин баруучу жагың, эңкейиш, / Анын келер жагы өр тартат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →