эңкей
- Жерди карай ийилүү өбөктөө.
- Бийик жерден, жайлоодон ж.б. төмөндөп көчүү, ылдыйлоо, бийик жерден ашып өтүү, ары түшүү.
- өт. Көз жумуу, каза болуу.
- өт. Белгилүү бир жаштан, маалдан, чектен өтүү, арылоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ак киши болуп кыргызга, / Бекбачаны баш кылып, / Баш көтөргөн кыргызга, / Бир амалды кылмакчы, / Эбин тапса эңкейтип, / Баарынын жайын тапмакчы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Торгойдун муңдуу үнүнө, / Муңканып айткан күүсүнө, / Кубулуп турган түсүнө, / Муз туруштук кылалбай, / Мөңгүлөр агып, кар эрип, / Эңкейип талдар бүгүлдү, / Өөдөлөп өспөй бой керип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Айланып артка болгончо, / Аттарын сабап чойгунча, / Капташа түшкөн бирөөнү, / Как далыга муштады, / Сыргак сайган оңобу, / Эңкейсе өйдө болобу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чокмор тийип дүп этип, / Эңкейе түшүп шылк этип, / Ээрдин тиштеп алайын, / Койго тийчү бөрүдөй, / Эки жагын каранып, / Уйдай мурдун жаланып, / Кара дөөгө Кутургур, / Жаман тийди жан ачып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эл жайнап, дөңгө чыгып барат, биз эңкейип, жолдун ташын терген болуп элден улам кийиндеп, калып отурдук.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →