эңиште

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Эңишти, эңиш жерди карай ылдыйлап басуу, түшүү, ылдыйлоо, төмөндөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Калың жерге кол салды, / Капчыгайдай жол салды, / Өлбөсүн кара аскер, деп / Каз таман найза алганы, / Эңиште сайып экиден, / Эптей сайып жетиден, / Беттеп сайып бешөөнү, / Жүздөн сайып жүдөтүп, / Миңден сайып бүлүнтүп, / Баатырлыгын билинтип, / Самсаалатып канчасын, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эңишке атын салышып, / Эңиште барат жарышып, / Капталга атын салышып, / Капталда барат кагышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эңиште Серек эр сайып, / Экөөнү беттей бир сайып, / Кууказыкты чуратып, / Кыйрын бузбай кулатып, / Каарданып кан төгүп, / Найза менен мылгытып, / Тебетейдей ыргытып, / Канжар менен кан алып, / Балта менен жан алып, / Мунун көргөн көп калмак, / Серекке калды таң калып: / “Бул, капырай, неткен эр? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Кеч бешимде бир белге чыгып, төмөн карай эңиштеп кеттик. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Биз эңиштеп жүрүп келебиз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →