эңиш1

китептерде 102 жолу, 9 китепте эңиш 2 →
  1. Эңкейиш, ылдый жер; бөксө, боор.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эңиш тарткан бел келди, / Ошол жерге келгенде, / Конушбайдан Бекбача: / — Канчалык калдык жериңе, / Лопнурдакы элиңе? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…менен Тармалкөк, / Ат айабай камчылап, / Ажырата тарталбай, / Жанга өлчөлүү тулпарлар, / Кулактарын кайчылап, / Капталга атты салышып, / Кандыргалап жарышып, / Эңиш менен жарышып, / Эликтей колун сайылтып, / Асабасын жайылтып, / Өргө салып тартышып, / Минип жүргөн аттарын, / Кулжадай төшүн салынтып, / Аттар чарчап жүрбөдү,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эңиш тарта бастырып, / Чыйрыгып сууган аттары, / Оозунан көбүк чачтырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ри карыш салаңдап, / Чаңкаганда акактап, / Кайышып тартып чиренип, / Буудандарга камчыны, / Карасанга жиберип, / Капталга салып жарышып, / Өргө салып өкүрүп, / Эңишке салып көгөрүп, / Бирин-бири ала албай, / Ат үстүнөн көмөрүп, / Колунан келсе кеткиси бар, / Сундуйтуп туура өңөрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— / Деп, ошентип Семетей, / Атка камчы басты, дейт, / Алдыңдагы белестен, / Эңишти карай ашты, дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →