ээрчи2

китептерде 444 жолу, 10 китепте ээрчи 1 →
  1. Бирөөнүн артынан басуу, кошо жүрүү, артынан калбоо.
  2. өт. Бирөөнүн ыгы менен жүрүү, өз алдынча болбой, башка бирөөнүн тилинен, оюнан чыкпоо, бирөөнүн пикирине, оюна кошулуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ап, / Этегин өөдө түрүнүп, / Күрөгүн ала жүгүрүп, / Сугатчы келет тартаңдап, / Белин бекем курчанып, / Ийри орогун белге алып, / Орокчу келет кыйкаңдап, / Эрин ээрчип жүгүрүп, / Катын келет тыйтаңдап, / Жонунда жоор тери жок, / Аттары келет кыйшаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Малды ээрчип кетпеди, / Жашы бышты болгунча, / Даакы жүнү түшпөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эртеси күнү болгондо, / Күн шашике болжолдо, / Кыздар менен Семетей, / Кырка чубап тургандай, / Ойго арыш алыптыр, / Ошондо карап тура албай, / Ойрон Гүлүс барыптыр, / Ээрчий жүрүп талыкпай, / Такыр кебин салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жүктү түшүрө элек жатып мен Беккул менен Эшпайды ээрчитип алып кыштакты көздөй жөнөдүм. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Эликти ээрчитип алып, үйүн көздөй жолго салды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →