ээр
- Миниле турган унаага (мис., жылкыга) токулуп, үстүнө минип отурууга ылайыкталып жасалган, үзөңгү, куюшкан тагылып, унаага басмайыл менен таңып бекитиле турган шайман, унаа жарагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
ээр кашы деп, / Найза менен сайганы, / Мөшкөй болот чарайна, / Өтпөй найза тайганы, / Найза каңгып так этип, / Ташка сайган немедей, / Кайта жанды чак этип, / Ээрден көчүк кыйшайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ңдеп, / Сакалдары байпаңдап, / Чылбырдай болуп чубалып, / Саамай чачы салбаңдап, / Жарты көлдөй жылтырап, / Маңдайда көзү алаңдап, / Арбашып жаткан жыландай, / Ээрди-мурдун жаланып, / Найзасынын учунан, / Кере кулач от жанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жаңгырды карап алайып, / Алдыңкы ээрдин жаланып / — Береминби, бербеймин, / Өзүм билем мал-пулум.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Семетейди көргөндө, / Колуна конгон жаркылдап, / Бир күнү келип калыптыр, / Ээр-токумчан буурул ат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мына мында тердигин салпактатып, жаман ээри менен бир ат качып келип, ушул коруктун дарбазасынан чыгып алып, жогору карай салды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →