ээлен1

китептерде 11 жолу, 5 китепте
  1. Өз оюндагысын, өз каалаганын иштөөгө умтулуу, элеп-желеп болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…кача мактап жиберди, / Батаңды бер балаңа, / Бастырып бачым жүрөлү, / Бай Жакып айтат ошондо: / — Барбагын деп турушуң, / Байкасаң кыйын жумушуң, / Барамын деп ээленип, / Бузбайын сөзүн уулумун, / Кандай күндө калды экен, / Кардыгач менин кулунум, / Келмек эле бай Жакып, / Келтирбеди Манас, деп, / Таарынбасын Кардыгач, / Билд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Үстүнө сары жамынып, / Колуна кызыл байлатып, / Белине кара курчанып, / Ээленип турат сур чалыш, / Камчы менен Суратты, / Карчыттан нары бир салып, / Көк букадай өкүрүп, / Жалаңгычтай көрүнүп, / Карыга чейин билегиң, / Май алчудай түрүнүп,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ээленген баатыр эрен көп, / Электеп булар эр кырат, / Кара аскерде айла жок, / Эми булар не кылат?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Тил албасаң, бара бер, / Барыңарды батырат, / Боору жазы кара жер, / Ээленбей, Жамгыр, жөн тургун, / Бул нөөмөттү мага бер, / Калдуубет элге каранмын, / Кардын жарып от алып, / Жара сайып келейин, / Мен-менсинген баланын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
— Ээленип алган немелерди эмне кыласың? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →