ээле
- Ээ болуу, өзүнө менчиктөө, тиешелүү кылуу, өз карамагына каратуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бол Орунбай кат жаз — деп, / Кат жазганда бат жаз — деп, / Атамдан калган алтын мөөр, / Айчыгын анык келтирип, / Айагына бек бас — деп, / Карбалас катты жаздырып, / Алтындан мөөрүн бастырып, / Ысыккөлдө ээлеген, / Кыргыз, казак аралаш, / Ирегелеш жердеген, / Баш кишиси Медербек.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Жери сонун экен, деп, / Алган экен кыргыздар, / Ушундай жерди көп ээлеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Уул-кызы жок экен, / Ажал жетип, күн бүтүп, / Үйүндө өлсө Дабытай, / Ордун ээлеп тактага, / Ээ болору жок экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ээлеп жатчу жол тосуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бир аз сабыр кылыңар, / Аңгеме болоор мунуңар, / Сартбайдын жагын угуңар, / Маңгыт, маңгул бир тууган, / Кара калпак, түркмөндү, / Ээлеп маңгыт эл турган, / Бадыкүл деп эр тууган, / Элге салган чуулган, / Коросон, Кыйба, Жедигер, / Мисир, Багдат, Урумга, / Койбой малын кууп алган, / Малы тургай …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →