ээ1
- Кожоюн, өз менчигине тиешелүү мүлктүн, байлыктын ж.б. башкаруучусу, кожоюну.
- Бир нерсени башкара, пайдалана билген, жөнүн билген киши.
- грам. Сүйлөмдөгү ойдун негизин ээлеген сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Аскер ээси сегиз хан, / Аскери жок өзү бар, / Каракөз менен тогуз хан, / Чогулушуп калышты, / Кеңеш кебин салышты, / Чындап кылды убада, / Кетирбеске намысты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Канча катар тор салды, / Катары менен кыйратып, / Калың жерге жол салды, / Эрегишкен эки эрдин, / Ээ дээрге алын келтирбей, / Элине тирүү кетирбей, / Эбин таап жалмады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Анда туруп мен айттым: / — Сен Чачыкей, сурадың, / Ээси келди Таластын, / Арбагы колдоп Манастын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эки жаагы менен ээгинин са калынын узундугу бирдей.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Күч сынашат, ээ!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →