эшме
- Аялдардын чачына кошуп, узун кылып өрүүчү кара жип.
- Койдун жүнүнөн, эчкинин, топоздун кылтагынан, жылкынын куйрук-жалынан түйдөктөп, чыйратуу менен эшилген жип, аркан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
ал, / Жону туйук нарын ал, / Нарга жүктөп зарын ал, / Суу төгүлгүс жоргону ал, / Сулуулар кийчү торкону ал, / Байге бербес күлүк ал, / Алгыр тайган итин ал, / Эшме канат кушун ал, / Андан кала бергенде, / Кара калпак түркмөндү, / Жедигерди кошуп ал” / Деп жазышкан мал жактан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →