эшен
- дин. Меке менен Мединада динди үгүттөгөн Мухамеддин тукумдары жана үгүттөө ишин кесип кылган динчилдер.
- дин. Динге жан-дили менен берилген, молдодон кийинки диний даражадагы адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…н муң басып, / Бир табак алтын алгандар, / Көтөрө албай калгандай, / Калдайган кара тоо басып, / Жетим-жесир карыптар, / Сокур, чолок, майыптар, / Дубана менен эшендер, / Басалбай жаткан кеселдер, / Колу кыска нечендер, / Пул алышып күүлдөшүп, / Күлкүсү батпай ичине, / Күңгүрөнүп күүлдөшүп, / Нары-бери чууруп, / Дүбүрөшүп жүр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кудай урсун Кененим, / Кожону көрсө турчу эмес, / Кооп салам кылчуу эмес, / Эшенди көрсө турчу эмес, / Эңкейип башын урчу эмес, / — Келген болсоң Акешен, / Келип жардам бергин деп, / Сурадымбы сенден мен?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эшената Чокталды, / Экөрүктү Күрмөнтү, / Эңкейиши Торайгыр, / Өөдө тартмай Бийкыштоо, / Эрикбей жүрүп олтуруп, / Күнү-түнү жол жүрүп, / Кең Кеминди өрдөдү, / Келишкен мындай сонун жер, / Ажыбай мурда көрбөдү, / Өтө кеңир жер экен, / Ысыккөлдүн өрөөнү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атаң менен дос болгон, / Ак эшен болсун жолдошуң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мындай кепти көбүнчө Мамирмазинден болбосо мында келген өзүндөй эшендерден, молдо, сопулардын сүйлөшүп отурганда чет бучкактап угуп калабыз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →