эшек

китептерде 80 жолу, 7 китепте
  1. Жапыз бойлуу, узун кулак, башы чоң, күч унаа катары гана пайдаланыла турган үй айбаны.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эмчеги эшек башындай, / Каржиликтин булчуңу, / Эки жашар баладай, / Далысы бар балакет, / Ордо атчу талаадай, / Эки бети жапжалпак, / Эт жасоочу чарадай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ачуусу келип Ажыңдын, / Толгомо саптуу камчыны / Толгой колго кармады, / Атынын башын имерип, / Күчүн жыйнап чиренип, / Оро-пара маңдайдан, / Эшектей болгон көк дөбөт, / Тумшукка тартып жиберип, / Камчыны тартып алганча, / Тумшугу менен жер сайып, / Өлүп кетти көк дөбөт, / Тиши чыгып ырсайып, / Камчыны булга… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Душманга беттеп барам, деп, / Пилге теңдеп ок арттың, / Мындан кийин калганда, / Эгин эгип кетмен чаап, / Эшекке теңдеп бок арктын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Ушуну айтып салганымча болбой Ак-Суунун бери четине чыга жаздап калган кезде, шаардан чыгып төмөн карай кетип бараткан бир эшекчен бала так алдыбыздан кезигип, бизди көрүп токтой калганы! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Балдар отун жүктөп бир күнү эшекти качырып жиберишет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →