эчтеке

китептерде 23 жолу, 9 китепте
  1. Эч нерсе, эч кандай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айагы жүрүп кыдырып, / Сомбилектин Чигитей, / Кылганы журтка угулуп, / Каңгайлар качып туралбай, / Эки ингенге жыйылып, / Эркин болдук кыргыз, деп, / Эчтеке менен кээри жок, / Козу ордуна тайды жеп, / Катыны каймак жалабай, / Балдары майга карабай, / Өтө эркин болуптур, / Көңүлү толуп кыргыз жай, / Келиндер тайлак … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ат ойнотуп Кесилет, / Арасында он миң бар, / Кумурскадай быжырап, / Кара курттай кыжырап, / Каптап кетти коросон, / Эчтекени элебей, / Эрениң бара жатканда, / Оролуп түштү отуз тор, / Капташып калды мынча тор. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Элебеген эр Манас, / Эчтеке менен иши жок, / Ченебеген шер Манас, / Ичи анын кең Талас, / Канкоруң анда кеп айтат: / — Аттандыбы оогандык, / Карагыла, — деп айтат, / Кечээ кеткен Чынаача,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эрлик кандай, жол кандай, / Боло бербейт айткандай, / Найза сайдың айанбай, / Кылыч чаптың тайманбай, / Эчтекени көрбөстөн, / Көөнүңдөгү кепти айтып, / Күрпүлдөдүң ар кандай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
– Ээ, ал эчтеке эмес, андан коркпо, уктап жата бер. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →