этюд
- Сүрөт искусствосуна таандык кандайдыр бир чыгарманын же анын айрым бөлүгүнүн жалпы болжолун, дагы өнүктүрүлө турган алгачкы көрүнүшүн элестетүүчү сүрөт, скульптура, картинка.
- муз. Көнүктүрүү, үйрөтүү үчүн жазылган же чебердиктин үлгүлөрүн көрсөтө турган музыкалык чыгарма.
- Адабий, илимий же философиялык темадагы очерк.
- Шахмат, шашки ойноонун техникасын үйрөнүү же мелдешүү максатында атайын түзүлгөн позиция.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.