этиш1

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Заттын кыймыл-аракетин, ал-абалын билдирүүчү сөз түркүмү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аттан түшө калышып, / Карпаң-курпаң этишип, / Белден кармай алышып, / Кочкордон бетер койушуп, / Мурдунан канын чубуртуп, / Букадан бетер сүрүшүп, / Этегин белге түрүшүп, / Койун колтук алышып, / Орой-т… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алда кандай иши деп, / Акбалта менен Жамгырчы, / Бай Жакып, Шыгай, Текечи, / Ачуусу келип курушуп, / Жазыла элек чекеси, / Мулжуң-мулжуң этишип, / Сакалы жок жулмуштар, / Бура тартып кетишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күн бузулуп, ай күйүп, / Зил-зил болуп кетсе да, / Селт этишти билбеген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Мен силерди көрүп турам дегендей асманда жылдыздар жымың-жымың этишет. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →