эт1
- Жаныбарлардын сөөгүнө жабышкан дене ткандары.
- Союлган малдын, аңдын, канаттуунун, балыктын ж.б. азык-түлүк үчүн колдонулган (желе турган) ушундай дене заты.
- Ар кандай жемиштердин, бакча өсүмдүктөрүнүн желе турган жумшак заты. [Алманын] жука, кызыл терисинин астынан ширелүү, күн нуру сиңген даамдуу эти көрүнүп турду (Айтматов).
- Дене, бүткөн бой.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жалындаган от күйүп, / Табарсыктын башы деп, / Калмак ээр кашы деп, / Найза менен сайганы, / Мөшкөй болот чарайна, / Өтпөй найза тайганы, / Найза каңгып так этип, / Ташка сайган немедей, / Кайта жанды чак этип, / Ээрден көчүк кыйшайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…кбача, / Эгиз туулган шейитти, / Бекбачадан Сомбилек, / (Кызматын кыргыз эл билет) / Сомбилектен Чигитей, / Тукумсуз жанды кейитти, / Эстесек тартып кейишти, / Эт жүрөктү эритти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ын башка бурбасын, / Кытайлыгын кылбасын, / Мен өлсөм мейли бир башым, / Тууган элим - алашым, / Түркүгү болгон Манасым, / Жөөсүндө каптап кетпесин, / Кескилеп этин кокустан, / Балакет ага жетпесин; / Азыркысын Алмамбет, / Айтканың кылып турайын, / Кызматтан мойнун бурбайын”- / Өзү менен иши жок, / Кайран Сыргак муну деп, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…рын, жумурун, / Беш жеринен кескени, / Канчоро өлүп кетти эми, / Кылчайып туруп ошондо, / Каныкей айткан бир кеби: / — Өлүгүн таштап салбаңар, / Кескилеп алган эт да бар, / Иттин тиши тийбесин, / Ит убалын кантебиз?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Сууга барып "шалп" эткенде гана өлөрүн билди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →