эстүүсүн
- Акылдуусунуу, өзүн эстүү, акылдуу киши катарында көрсөтүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…бирөөн, / Арасына жуу салып, / Тынчын алып чуу салып, / Эки жагын колго алып, / Эптүүлүк менен жагынсам, / Кызматым элге жакканда, / Кыйыгыс болгон чактарда, / Эстүүсүнөн жол сурап, / Элдүүсүнөн кол сурап, / Апкаарытып кай бирөөн, / Ашыктырып сүрбөсөм, / Караганды таңдантып, / Кара жерди чаңдатып, / Барабан согуп баң тартып, / Ч…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Медеркан келди элине, / Жээн жайлоонун жерине, / Карысы менен эстүүсүн, / Калк ичинде кептүүсү, / Ушаланган, сынганга, / Дары чапчуу эптүүсүн, / Жан кишиге ыктуусун, / Кепке жакын шыктуусун, / Кулакка кеби жагымдуу, / Кеп айтууга …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Эритип айтыш, тоң айтыш, / Ээси жокко чоң айтыш, / Эстүүсүнө оң айтыш, / Эбин билет дөө уулу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Намыстанып Үмүтөй, / Эл эстүүсүн чыкырды, / Төрт, беш бээни сойдуруп, / Этти тартып койдуруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Сүрдүгүшүп, колбушуп, / Далай калмак алдынан, / Тосуп чыкты топтошуп, / Эстүүсүнөн эки-үчөө, / Сомбилекке жолгошуп: / — Качкан жок Ойрот, элдер бар, / Атка минер абал жок, / Бүткөн бойу жарадар, / Мейлиң баргын, мейлиң кой, / Бүгүнкү абал ошондой.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →