эстүү
- Акыл-эси бар, акылдуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Асыл минген Майтору, / Айбандан эстүү жаныбар / Асылга найза жеткенде, / Октос берип ыргыштап, / Өксүтө берип кеткенде, / Суурулуп найза калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эстүүлөрү калмактын, / Түшүп жатып арага, / Мурун өлгөн Чиктей хан, / Бул барса болот туура, деп, / Уруксат кылды Сактага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Керээзиң укпай калбасын, / Катын менен балаңа, / Эстүү-баштуу кишиңе, / Баш катырчу ишиңе.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эстүүлөр калбай жоголду, / Эл жыйылып, чогулду, / Ортого алып баатырды, / Тегеректеп олтурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Чындап алгың келсе ал, журтуңдан сенден бөлөк эстүү-баштуу киши келсин.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →