эстелик

  1. Көрүнүктүү адамдарга курулган скульптуралык же архитектуралык имарат, сүрөт ж.б. Элиң сага эстелигин тургузду, Өзүң сүйгөн кыргыз тоонун ташынан (Үмөталиев).
  2. Өткөндөгү материалдык маданияттын, эски жазуулардын, чыгармалардын ж.б. сакталып келаткан үлгүлөрү, калдыктары.
  3. Эстөө, эсте сактоо, унутпай ойго алып жүрүү үчүн сактала турган ар кандай нерселер, окуялар, эскерме.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.