эстафета
- Жүгүрүүдө, сууда сүзүүдө ж.б. белгилүү аралыктан өткөн сайын колундагы нерсени (көбүнчө таякчаны) улам өз тарабындагыларга берип, марага жеткиче бирин-бири алмаштырып турма жарыш.
- Ушундай жарышта ар бир команданын катышуучулары бири-бирине берип, колдон колго өткөрө турган шарттуу нерсе (көбүнчө таякча).
- өт. Ишти улам кийинкилерге өткөрүп берүү, мурункулардын ишин кийинкилер улоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.