эскир

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Эски болуу, эскилиги жетүү; керектен чыгуу, жыртылуу, тозулуу.
  2. Каруу, жашы улгаюу, карылыкка моюн сунуу, картаюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Нечен кылым өтсө да, / Эскирбей кеби бозорбой, / Эмгичекти эң жаңы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Башына кийгени өзүнүн теңирейген мурдуна ылайыкталып жасалгандай, кайкы тумшук кара шапке; бутунда саал эскириңкиреп калган жылтылдаган намеркан өтүк. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бир топтон кийин бала эсин жыйып эки жагын караса, адамдын эскирген жана жаңы сөөктөрү жайнап жатканын көрөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →