эсирке
- Көпкөнчүлүк кылып текеберленүү, корсоюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көтөрүлбөй эсиркеп, / Көкчө менен бир зилдеп, / Кабарчыга ошондо, / Көкжалың айтты мындай кеп: / — Келген жигит, кайтып бар, / Кепти төкпөй айтып бар, / Келерки күнү пейшемби, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эшикке чыгып эсиркеп, / Накылай анда мындай дейт: / — Байбичеден баш булгап, / Бастырмагы кыйын кеп, / Баштагысы бир жөндүү, / Маа жолобойт быйыл, — дейт, / Бастырып андан кеткени, / Карабөрктүн үйүнө, / Хан Алмамбет жеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →