эсепте
- Эсебин алуу, эсебин чыгаруу, саноо, санак жүргүзүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Он беш күн кылып болжолдуу, / Кыскартып айткан кескин кеп- / “Катышпай кетем калкыма, / Үч жылдык төлүн эсептеп, / Бар малымды бергин –деп, / Алтын-күмүш алган зар,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жапалдаш сары чечекей, / Апийинден кем эмес, / Эрмен менен боз куурай, / Кайнатып суусун жууганда, / Териге желди жуктурбай, / Көлү менен күлепше, / Көп экен дары бул жерде, / Тал мыйа менен кекире, / Табылбайт бизде дегеле, / Сандап жатат ар жерде, / Дары эсептеп билесе.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кол эсебин алды эле, / Колду катка салды эле, / Баштан барып Сынчыны, / Шыгай хандын айылына, / Бир түшүрүп жанды эле, / Үй башына эсептеп, / Үчтөн конок алды эле, / Айылдын көбүн мындан бил, / Чайканды болбой калды эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ай эсептеп, күн санап, / Болжоп жүрүп Орусхан, / Таласка келип конду, деп, / Канчоро менен Кыйазды, / Талкалап такыр болду, деп, / Айткан эле биздерге, / Гүлнарды алып көчүрүп, / Келатабыз бул жерге”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ай менен күндү эсептеп, / Жылдызга каршы күндөрдө, / Серпилип атка минчү эмес, / Үйдөн карыш жылчу эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →