эсепсиз

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Эсеп жетпеген, сансыз, эң эле көп.
  2. Болжолсуз, ченемсиз, өтө эле, абдан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эсепсиз, Манас, чоңдугуң, / Эркиме койбос зордугуң, / Элкин келген бир кулду, / Эл бийлетип зор кылдың, / Элибиздин баарынын, / Эсинен кеткис шор кылдың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кирпи чечен таш бака, / Канга тойуп компоңдоп, / Курт-кумурска бөө чайан, / Эсепсиз этке тойушуп, / Эр өлүгү, ат өлүк, / Көөдөнүнө жык толуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Өзүбүзчө олтуруп, / Дос болуштук бир жерде, / Ошондон бери карата, / Көрүшпөдүк дегеле, / Эрдүү катын мен болдум, / Эсепсиз баатыр сен болдуң, / Досум кандай экен, деп, / Эсиңе алып койбодуң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кара аскерди эсепсиз, / Дептерден жыртып таштасак, / Алптарды алып эсепке, / Ашык болсо кун берсек, / Ашып кетсе күн алсак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бирок большевик каапыр эсепсиз көп сыяктуу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →