эсеп
- Ар кандай нерселердин саналып, саны такталып чыгарылган жалпы жыйынтыгы, канча экендигин көрсөткөн жалпы саны.
- Арифметика.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Эл башкарган ханыңа, / Эс акылдуу карыңа, / Эп келсе кебим баарыңа, / Кыргыздан алган олжолоп, / Эсебин тапкын мал канча?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мойнунан байлап тайгандай, / Ай-ааламды кыдыртып, / Аныктап берем эсепти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Суудан кечип чыкканда, / Өгүз өтмөк, тай өтмөк, / Өрдөшүнө барганда, / Колду эсепке алганда, / Хандар эсен, кол эсен, / Тазбайматтын бир киши, / Санатында кем экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Түшүмдүн көп ойлондум, / Ай эсептеп күн санап, / Эсебин алып болгомун, / Төлгөгө чапкан Тайтору, / Сейитекке келгенге, / Он бир эле күн калды, / Тайтору келген күндөрдө, / Семетей келип калабы, / Анда айтат Сейитек:…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Амал кылып урушсаң, / Айла кылып турушсаң, / Ажыратып ийем — деп, / Амал менен жетемин, / Анын, эсебин таап кетемин”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →