эсендик
- Амандык, сак-саламаттык, дени сактык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
экен, / Кастап келген кыргызды, / Муңгул, тажик эл экен, / Бөлүнүп кетип булардан, / Бүлүк салып тынч элге, / Бүлүндүргөн болбосун, / Дүрбү салып Кеңколдун, / Эсендигин билем”, — деп, / Ооздугун чыгарып, / Отко койуп тору атты, / Суулугун чыгарып, / Суу каптырып тору атты / Өзү чыгып кыраңга, / Көчүгүн койуп олтурду, / Үстү эп…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Элден чыккан Бактыбай, / Кененимге жолгошуп, / Эсенби деп көрүшүп, / Эсендигин билишип, / Жай-жайына барышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Топко кирди жарылтып, / Кишинин баары элейген, / Тирүү туруп элейген, / Тил күрмөгөн киши жок, / Кими менен иши жок, / Кырк баатыр жүрөт бакырып, / «Манастап» ураан чакырып, / Кара кытай, калмакты, / Айдап жүрөт жакырып, / Эрен Чубак, Сыргактын, / Эсендигин көргөндө, / Айкөл Манас баатырдын, / Көөнү кетти ачылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бир көргөндөй ойдо бар, / Бүдөмүктөп калыптыр, / “Не да болсо турган кыз, / Менден улуу экен” деп, / Эсендик сурап Куйалы, / Колун суна салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эсендик айтып сурашып, / Жай жайына түшүрдү, / Аскердин баарын чубатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →