эселек

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Акыл-эси толо элек, эс кире элек.
  2. Акылсыз, эсакылы жок, жеңил ойлуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эр сайып мурун маш эмес, / Тогуз-ондун ортосу, / Ойноо бала эселек, / Оодара сайдым, дегенсип, / Олойуп тиктеп калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…тугуп өңү оңо элек, / Тор этине толо элек, / Аттанаар чагы боло элек, / Балапан жүнү бата элек, / Балтыр эти ката элек, / Байкап турат Бакдөөлөт: / “Ойноо бала эселек, / Бараалына келгенде, / Баш жутуучу кептенет, / Ким экенин билем” –деп, / Бакдөөлөт анда кеп берет, / Алдында минген сур аты, / Кетүчүдөй тебелеп, / Жамгыр жа… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →