эсе
- Ирет, мертебе, жолу.
- Барабар, тең, тете.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Куралышып жыйналып, / Баш-айагы эсеби, / Элүү түмөн кол алып, / Таласты көздөй жөнөдү, / Жедигердин Каракөз, / Акылын башка бөлгөнү, / Ажал айдап шаштырып, / Көргүлүктү көргөлү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бай Бакайдын алтын-зар, / Төрт айактап баскан мал, / Ашып кетти эсеби, / Эки жүз миң алтындан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кыдыртып элди айдады, / Барбаган айлы калбады, / Күнү айдап төрт бала, / Түнү айдап төрт бала, / Түн айдаган күн уктап, / Күн айдаган түн уктап, / Күнү-түнүн эсеби, / Жарым ай жүрдү таскактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эр Коңурбай жүргөн кез, / Эрте жайдын баш жагы, / Айагы экен Кулжанын, / Ай эсеби баштагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бирөөгө ачууланганда ышкырып барып, чагып алчу жыландай болуп, акырайган, чоң көзү чанагынан чыгып, эки эсе чоңоюп кетер эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →