эртеңки

китептерде 41 жолу, 9 китепте
  1. Келерки, кийинки күнкү.
  2. Жакынкы келечектеги, жакын арадагы, жакынкы күндөрдүн ичиндеги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Коржоңдобо, Кубатай, / Көзүң көрүп бой сергип, / Ачылып көөнүң кубанбай, / Катылышсаң сен мага, / Бөөдө өлүп кетесиң, / Эртеңки күнгө чыгалбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Айтканың акыл, баатыр, деп, / Атагы кыргыз болгонду, / Түгөтөлү такыр деп, / Эртеңки түнү бөлүнүп, / Туш-туш жакка жөнөргө, / Убадасын бекитти, / Өздөрүнүн салтынча, / Ант кылышып бекишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аттан ылгап бериңер, / Бирин ылдам желиңер, / Эртеңки күнү шашкеде, / Каныкей алып келиңер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эртеңки күнү чыгалык, / Бүгүн кайра жаныңыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эртеңки күнү уруш — деп, / Эл билгендин баарысы, / Эми башы айланды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →