эртеси

китептерде 72 жолу, 8 китепте
  1. Кийинки күнү, бир күн кийин.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эртеси этти тартпады, / Өзү баатыр бастырды, / Жайы менен бердирди, / Жалпыга бирдей жеткирди, / Жаймада ачка калганды, / Бүгүн тойдук дедирди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эртеси күнү болгондо, / Күн шашике болжолдо, / Кыздар менен Семетей, / Кырка чубап тургандай, / Ойго арыш алыптыр, / Ошондо карап тура албай, / Ойрон Гүлүс барыптыр, / Ээрчий жүрүп талыкпай, / Такыр кебин салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эртеси түшкө күтпөстөн, / Ат чалдырып жер көрүп, / Козголбой жатып алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Эртеси бирөө барып түндө болгон окуяны Большевиктердин бир чоңуна жеткириптир. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Дөө коркконунан эртеси бармак болот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →