эртеле

китептерде 25 жолу, 7 китепте
  1. Эртең менен, күн чыга, таң азандан аракетке, ишке өтүү, камылга көрүү.
  2. Кечикпей, эрте, күн мурунтан киришүү, камдануу, аракет жасоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сагыныпсың өлүмдү, / Ажал алып жакадан, / Тура албайсың энтелеп, / Эсиңе алсаң Йобалы, / Элиңе бар эртелеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эртелеп атка миништи, / Эңтеңдеп жолго киришти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жуп кара атты пар кылып, / Алтындан наапа арттырып, / Жөө Байматка тарттырып, / Жолдон көрдүм Канышты, / Көчүп кеткин эртелеп, / Куру кылбай намысты! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыз кызыгын эске алып, / Кыткылыктап Тапан хан, / Эртелеп ичип тамагын, / Жатаарга жетпей ашыгып, / Жарыкта чечип чапанын: / Жакын келгин, күйгөнүм, / Жанымды берип сүйгөнүм, / Күндөгүдөн көбүрөөк, / Ысып барат жүрөгүм, / Кирпигиң тиктеп качан деп, / Сени күйүп жүрөмүн, / Өлгүчөктү жолдош деп, / Өмүрүңдү тилейим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Эртең менен эртерээк, / Күн чыкпастан эртелеп, / Жалгызек менен Байтайлак, / Гүлчоро менен Канчоро, / Белдүү эрлер бул төртөө, / Алып келсе Буурулду, / Он беш асый болгуча, / Мени күйгөн Тайбуурул, / Актабай антын койбойт го! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →