эрте
- Эртең менен, күн чыга электе, азандан.
- Белгилүү бир убактан мурда, убактысы, маалы жете электе, маалынан мурун кеч калбай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дүнүйөнүн бурчуна, / Кеңкула менен оң тартып, / Таласты карай жол тартып, / Эрте басып, кеч жатып, / Караңгынын чапанын, / Калдайтып чүмкөп жамынып, / Ат айабай келатып, / Ачамай айры бир жолдон, / Туйактын ойгон жеринен, / Көлчөк болуп суу толгон, / Ат изин көрдү Кененим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эрте туруп ордунан, / Ээн жерде сууга киринди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эртеден кечке чабышып, / Кечинде кайта жанышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Өзүмө келген жакшылык, / Мага эле эмес Гүлүскө, / Жүргүлө, баатырлар, / Жетели эрте күмбөзгө!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Эртең менен эрте, таң агарып атканда, тараза жылдыз батканда келин:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →