эрси
- Өзүн баатырга, мыктыга теңөө, эрдемсинүү, өзүн шер, мыкты көрсөтүүгө аракеттенүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эл башкарган эрсиңер, / Эмгичекти катарда, / Эл башкарып келдиңер, / Эми кандай кылабыз, / Эс ойлонуп кеңеш бер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Качандан бери эрсиңер?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өз алыңды биле албай, / Эрсинесиң керсейип!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сенде көөнү бар экен, / Эрсип калган чагы экен, / Бойго жетип солкулдап, / Болуп турган табы экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…Күмөнкор болбо сен, Кыйаз, / Элүүдөн аштың такымдап, / Эңкейип белден барасың, / Карылыкка жакындап, / Ажал чиркин ар кимди, / Кууп жүрөт закымдап, / Адам уулу эрсинет, / Тимчилекте такылдап, / Жан сактоонун, камы үчүн, / Эртеден кечке лакылдап, / Ажал алса жакадан, / Койгунуң деп айта албай, / Коштошоруң дүйнөдөн, / Эки көзү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →